"Аю Холдингдин" мурдагы президенти кылмыштуу топту каржылаганга шектелди
RU

"Аю Холдингдин" мурдагы президенти кылмыштуу топту каржылаганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аю Холдингдин" мурдагы президенти кармалды. УКМКнын маалыматына ылайк, ал Камчы Көлбаев (Асанбек) менен каржылык байланышта болгон деп шектелүүдө.

"Ал Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери, 2024-жылдын август айында КР аймагында издөө жарыяланган Салим Абдувалиев (Салим бойвача) менен да байланышы аныкталып, коңшу өлкөдө бизнес жүргүзүүдө колдоо алуу максатында аны менен мамиле курган", - деп айтылат маалыматта.

О.Б.А. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме берилди.

УКМК тарабынан кылмыштуу топторду, анын ичинде кылмыш курамын колдоп, каржылаган адамдарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17388