Wildberries кеңсесиндеги атышууда эки коопсуздук кызматкери каза болду
RU

Wildberries кеңсесиндеги атышууда эки коопсуздук кызматкери каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада Wildberries компаниясынын кеңсесинде атышуу болуп, эки күзөтчү каза болду. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Компаниянын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук күзөтчүнүн каза болгонун тастыктаган. Андан тышкары дагы бир нече адам жаракат алды.

Интерфакс билдиргендей, атышуудан кийин 30дай адам полицияга жеткирилген.

18-сентябрда түштөн кийин Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчуктун күйөөсү Владислав куралчан топ менен кеңсеге мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганын билдирди. Имараттын сыртында атышуу башталган. Владислав Бакальчук иш боюнча жолугушууга келгенин жана "анын адамдары" куралданбаганын айткан. Бирок Wildberries ишканасы ок аткандар Владислав Бакальчукту коштоп жүргөн деп ырастоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17397