Wildberries кеңсесиндеги ок атышуу. Бакальчуктун күйөөсү кармалды
RU

Wildberries кеңсесиндеги ок атышуу. Бакальчуктун күйөөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Wildberries компаниянын жетекчисинин күйөөсү Владислав Бакальчук кармалды. Бул тууралуу орусиялык РБК басылмасы Тергөө комитетине караштуу булагына таянып жазып чыкты.

Маалымат жарыялангандан кийин ишкердин өкүлү Владислав Бакальчуктун кармалганын тастыктады.

"Бүгүн эртең менен саат 07:30 (Москва убактысы боюнча 10:30 Бишкек) Владислав Сергеевич Бакальчукка Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү", "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу", "Укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Өзүм билемдик" беренелери боюнча айып тагылып, 48 саатка камакка алынды", - деген ишкердин өкүлү.

18-сентябрда Москванын борборундагы "Романов двор" бизнес борборунда жайгашкан Wildberries компаниясынын кеңсесинде атышуу болгон. Анын кесепетинен 2 күзөт кызматкери каза болуп, бир нече адам жабыркаган. Арасында полиция кызматкерлери да бар экени айтылууда.

Ошол эле күнү ири интернет дүкөндүн дагы бир кеңсесине кол салуу болгон. Ал жакка 30-40тай киши барып, эшикти талкалап, күзөтчүгө кол салган.

Татьяна Бакальчук бул окуядан кийин "ийгиликсиз басып алуу" болгонун айтты. Ал белгилегендей, Владислав Бакальчуктун жетегиндеги топ Wildberries компаниясынын Москвадагы кеңселерин басып алмакчы болушкан. Кол салуудан 3 адам жабыркаганын ырастаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17406