Нарында 3 жашар бала эмдөөдөн кийин абалы начарлап, чарчап калган. Кылмыш иши козголду
RU

Нарында 3 жашар бала эмдөөдөн кийин абалы начарлап, чарчап калган. Кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын шаарында 3,5 жаштагы бала эмдөө алган соң чарчап калды. Бул туурасында уулунан айрылган Мээрим Эсенакунованын кайрылуусу интернетке тарады.

Айтымында, үй-бүлөлүк дарыгер 2-июлда Нарын райондук ооруканасына Умарды эмдөө алууга чакырган.

"Балам жөтөлүп жатканын айтканда 5 күн ингаляция жасаган. Алтынчы күнү да ингаляция жасап, эмдөө да ала кеткиле деди. Ал күнү ийне сая албай, биринчи күнгө калтырды. Дүйшөмбү күнү жодошум экөөбүз Умарды эмдөөгө алып барганбыз. Дарыгерге балам дагы деле жөтөлүп жатканын айтсам "эч нерсе болбойт, чоң эле балаңарды аяй бересиңер" деп, тамагын көрүп "акырындык менен айыгат, эмдөө алгыла" деп койду. Залга чыгып эмдөө жасаган медайымга кайрылды. Жолдошум баланы алып отурду, мага башын кармаңыз деди. Ийне сайгандан кийин эле колу шишип чыкты. Дене табы көтөрүлбөйбү десем медайым "үйгө алып барып, жылуу жаткырып коюңуз" деди.

Үйгө келгенден кийин Умардын дене табы көтөрүлдү, бир убакта уктап калды. Уктап жатканда оозунан аз-маз ак көбүк агып баштады.

Эртеси кайра үй-бүлөлүк дарыгерге барсак жок экен. Үйгө келгенде деле дене табы түшпөй, "Тез жардам" чакырдым. Тез жардамчы дене табын түшүрүү үчүн жарым таблетка парацетамол берди. Дене табы бир аз түшкөндө балам уктап калды. Бирок оозунан кайра эле ак көбүк акты. Эртеси инфекциялык ооруканага алып барсак, кабыл албай жатып кабыл алышты. Бирок уулумдун абалы начарлап реанимацияга түшүп калды.

Жандандыруу бөлүмүнө которулгандан кийин таңга маал балам кан куса баштады. Дарыгерлерден сурасам "мен кайдан билем" деп эч ким жооп бербей, бир убакта эшикке чыгарып койду. Эшикти ургулап жатып кайра кирдим, балам 4 жолу кан кусуп, акыркысында оозу көгөрүп, чарчап калды", - деген эне.

Министрлик комиссия түздү

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди. Учурда түзүлгөн комиссия медициналык жардам жана эмдөө иштерин текшере баштады. Аталган иш саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүнө алынды.

"Комиссия 2021-жылы туулган С.У.га көрсөтүлгөн медициналык жардам жана эмдөө тууралуу иштерин текшерүүгө киришти. Иликтөөнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кошумча көрсөтүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгон баланын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - дешет министрликтен.

Милиция кылмыш ишин козгоду

Нарын ОИИБге 1984-жылы туулган Э.М. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 2021-жылы туулган баласынын өлүмүнө себепкер болгон дарыгерлерди жоопкерчиликке тартууну суранган. Арыз ээси дарыгерлер шалаакылык кылып, өз милдеттерин так аткарышкан эмес деп эсептейт.

Жабырлануучунун арызы каттоого алынып, соттук-химиялык жана башка зарыл экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16671