Жатаканада 21 жаштагы жигит асынган абалда табылган. Эжесинин версиясы
RU

Жатаканада 21 жаштагы жигит асынган абалда табылган. Эжесинин версиясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү жатаканадан 21 жаштагы Гүлчоро Айманбаевдин жансыз денеси табылган. Ал жуунуучу бөлмөдө асынып алганы маалым болгон. Жигиттин эжеси Сайкал Айманбаева мобилдик аксессуарлар тармагынын администраторлорунун кысымынан улам ушундай окуя болду деп эсептейт.

Айтымында, соода жайдын кызматкерлери инисинен 100 миң сом талап кылып, күч колдонуу менен коркутуп, жигитти алты сааттан ашык жер төлөдө кармашкан.

"Иним Гүлчоро Бишкектеги телефон аксессуарларын саткан дүкөндө иштеп жаткан. Ал кесиптеши менен жатаканада жашачу. Соода тармактын ар кайсы пункттарында иштеген, аларды тынымсыз алмаштырып турушчу", - деди Айманбаева.

29-августта Гүлчоро кассадан 5 миң сом алганын моюндап, администраторлорго айлыгынан ал сумманы кармап калуусун айткан.

"Андан кийин Азат, Элдияр аттуу администраторлор инимди саат 15:00дөн 21:00гө чейин жер төлөгө камап коюшуптур. Гүлчоро ал жактан чыккандан кийин мага чалып, абалды айткан. Администратор балдар "кол койгон эмгек келишимде алган акчаны 10 эсе көп кайтарып бересиң деп жазылган" дешип 100 миң сом талап кылышыптыр. Иним 50 миң сом керек экенин айткан. Түнү бою акча издептир", - дейт эжеси.

Эртеси Гүлчоро эжесине кайра чалып, 23 миң 500 сом чогултуп, администраторлорго бергенин, бирок балдар калган каражатты талап кылышканын, болбосо абакка отургузабыз деп коркутушканын билдирген.

"Мен анын жанына баргым келди. Бирок иним макул болгон жок. 30-августта саат 12:30 чамасында менин курбума, бир аздан кийин мага жана өзүнүн кесиптешине СМС-билдирүү жазды. Мен ага телефон чала баштадым, бирок жооп болгон жок. Кесиптеши жатаканага барса асынып алган экен", - деди Сайкал.

Бул факты боюнча Сайкал Айманбаева Биринчи Май РИИБине арыз жазган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Биринчи Май РИИБи тарабынан кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган 2 шектүү кармалып, камакка алынды.

Сайкал Айманбаева кошумчалагандай, учурда шектүүлөрдүн жакындары тосмо арыз жазып берүүнүн аракетин көрүп жатышат.

Ата-энем иним 3 жашында, мен 8 жашымда каза болуп калышкан. Азыр шектүүлөрдүн ата-энелери бизди баккан эжем менен жездеме барып, кечирим сурап, тосмо арыз сурап жатышыптыр. Инимдин өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн баары жооп беришин каалайм.

"Жогорку органдардан маселени жеке көзөмөлүнө алуусун суранам. Учурда милицияга эч кандай дооматым жок. Өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, күнөөлүүлөрдү жазалоосун гана суранам", - деди инисин жоготкон жаран.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17173