Депутат: Тенгиз Бөлтүрүк 480 миң доллар сый акы, 205 миң доллар аванс алып, кайтарган эмес
"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин камакта жаткан мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылдын 17-майынан тартып 2022-жылдын 11-февралына чейин 480 миң 633 доллар сый акы алган. Бул убакыт аралыгында Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр" ишканасын жетектеп турган. Маалыматты "Кумтөрдүн" ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев парламенттин 16-марттагы жыйынында билдирди.
"2022-жылдын 15-февралында Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" тышкы башкаруучу кызматынан бошотулган. Бирок ага карабай улуттук холдингдин жетекчиси болуп туруп 2022-жылдын август айына чейин "Кумтөр" компаниясынан 403 миң 185 доллар негизсиз сый акы катары алган",-деди Малиев.
Андан сырткары 25 миң 514 доллар "аванс" алып, аны кайтарган эмес.
Эске салсак, "Кумтөрдөгү" коррупция боюнча Башкы прокуратура 2022-жылы сентябрда кылмыш ишин козгогон.
Анын алкагында былтыр сентябрь айында Тенгиз Бөлтүрүк кармалып, УКМКнын тергөө абагында жатат.