Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордундагы реабилитациялык борбор кандай иштеп жатат? Видео
RU

Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордундагы реабилитациялык борбор кандай иштеп жатат? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эсиңиздерде болсо, 2022-жылдын 29-декабрында Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндө мурунку президент Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна "Келечек" майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борбору ачылган. Kaktus.kg редакциясы бул ирет аталган борборун иши тууралуу чагылдырат.

Реабилитациялык борборго кайрылгандар

Бишкек шаарынын тургуну Жылдыз Кокоева баласын "Келечек" майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборуна бул ирет бешинчи жолу алып келди. Ал стационардык реабилитациядан өтүп жаткан 14 жаштагы баласында көптөгөн жылыштар болуп жатканын айтып берди.

"Мен эң башында эле бул "Келечек" реабилитациялык борборун - эң мыкты деп айтып кетет элем. Биз бул жакка бешинчи жолу кайрылып жатабыз жана ар келген сайын жакшы жетишкендиктерге жетип жатабыз. Биздин абалыбыз оор болчу. Бул жаткан көп нерсени үйрөндүк.

Мындан үч ай мурда Украинада операция кылдырып келгенбиз. Баланы кайра калыбына келтирүүгө да абдан жакшы шарттар түзүлүптүр", - дейт ал.

Эки режимде иштейт

Бул борбор Церебралдык шал оорусу жана таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары диагнозу менен 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ал эки режимде иштейт: стационардык жана күндүзгү.

"Бизге республикабыздын ар тармагынан келишет. Алдын ала жазылып, төрт маал тамагы менен камсыздалат. Жаш бөбөктөрүбүз стационардык реабилитация алганда коштоочусу жанында болот. Жалпы 100 балага бир учурда кызмат көрсөтө алабыз", - дейт борбордун жетекчиси Чынаркүл Түмөнбаева.

Аймактардан келген балдар бир айга чейин реабилитацияда жүрө алышат. Ал эми Бишкек же анын тегерегинен келгендер келип-кетип, күндүзгү реабилитациясын алса болот.

  • Алыскы аймактардан келген балдар үчүн 24/7. 10 жашка чейинки балдар коштоп жүргөн адам менен гана кабыл алынат. 24 сааттык реабилитациялык мөөнөт - 1 ай;
  • Бишкек жана анын чет жакасындагы балдар үчүн күндүзгү стационар. Мөөнөтү 2 айга чейин.

"Ата-энелерге жардам"

Жакында эле эл аралык уюмдун жардамы менен бул реабилитациялык борбордо бөлмө ачыллы. Бул кызмат балдарын кимге калтырарын билбей турган ата-энелер үчүн.

"Бул жакка алдын ала жазылып, 4 жаштан 8 жашка чейинки балдарды эки сааттан 4 саатка чейин калтырып, ата-энелер өз жумуштарын бүтүрүп алса болот. Бул бөлмө жумасына эки жолу иштейт. Балдары үчүн кандайдыр бир жеңил тамак, таттуу ала келишсе мен бул жактан берип коём. Бул бир аз да болсо ата-энелерге жардам деп ишенебиз", - дейт ыктыярчы.

"Балдар үйлөрүнө кайткысы келбей ыйлашат"

"Келечек" майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борбордунда учурда 25 кыматкер эмгектенет. Ар бир балага өз-өзүнчө, анын ден соолугунун абалы, диагнозуна карата реабилитациялоо программасы түзүлөт.

Калыбына келтирүү кызматтарынын комплекси төмөнкүлөрдөн турат:

  • – медициналык-социалдык реабилитация (физиотерапия, массаж, физкультура, парафинотерапия, тиш дарылоо)
  • – социалдык-педагогикалык реабилитация (психолог, дефектолог, эмгек терапиясы, музыка жана арт-терапия, компьютердик сабаттуулуктун негиздери).

Борбордун жетекчисинин айтымында, балдарга ылайыкталган атайын реабилитациялоо программасынын натыйжалуулугу - алар бул жерге дагы бир ирет келүүдөн коркпогондугунда. Алар мугалим, тарбиячыларга көнүп калып, "үйүнө байбайм" деп ыйлагандар да болот.

"Музыка терапия үчүн келгендер көп"

"Келечек" борбордуна музыка жана арт-терапия үчүн келген балдар да арбын. Алар коштоочулары менен көбүнчө музыка, арт-терапияга келип, убакыт өткөргөндү адат кылып алышкан.

"Майрамдар болгон учурда бизге музыка-терапевти абдан сонун иш-чараларды уюштуруп берет. Балдардын көбү ошол терапевтти абдан күтүшөт. Кызматкерлерибиз менен балдар кошулуп ырдап, бийлешет. Бул балдарды реабилитациялоонун бир түрү. Алардын психологиялык жактан да реабилитация алуусуна музыка менен арт-терапия абдан чоң жардам берет. Балдар да абдан күтүп, музыкантты күтүп турушат", - дейт Чынаркүл Түмөнбаева.

Эске салсак, "Келечек" борбору турган жер тилке буга чейин мурунку президент Курманбек Бакиевге тиешелүү болчу. Ал соттун чечими менен мамлекетке өтүп, реабилитациялык борбор курулган. Дагы бир мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн ордуна да реабилитациялык борбор курулмак. Бирок Алмазбек Атамбаевге чыккан соттун өкүмү артка кайтарылып, үй мурдагы президенттин жакындарында калган.

Буга чейин ырчы Анжелика Алмазбек Атамбаевдин үйүн шал оорусу менен жабыркаган балдарга берүүнү Садыр Жапаровдон суранган. Кийинчерээк министр Кудайберген Базарбаев ырчыны кабыл алып, реаблитациялык борборлордун долбоору менен тааныштырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17335