Өзгөндө өспүрүм бала 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө
1867
Өзгөндө 9 жашар кызды зордуктоого шектелген жигит кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, кармалган жаран Өзгөндүн тургуну.
2007-жылы туулган А.О. жашы жете элек кызды зордуктоого шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бул иш "Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракет" боюнча каралууда.
Белгилесек, кыздын зордукталышы тууралуу милицияга ата-энеси билдирген.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык. Автор: AndrewLozovyi/DepositPhotos.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/11062