29 жаштагы жаран диний-экстремисттик материалдарды соцтармак аркылуу таратканга шектелүүдө
Жалал-Абадда милиция кызматкерлери диний экстремисттик уюмдардын материалдарын сактап, таратып жүрөт деген шек менен 29 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Кабарлангандай, 20-апрелде Жалал-Абад ШИИБине М.М. аттуу жаран интернет тармагындагы аккаунту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын материалдарын сактап, таратып жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар 332-берененин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
22-майдан баштап ѳткѳрүлүп жаткан "Экстремист" операциясы учурунда жогорудагы кылмыштын бети ачылды. Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган М.М. кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.