Ошто 21 жаштагы келиндин курсактагы баласы даратканага түшүп кетти
2300
Ош шаарында кош бойлуу келин дааратканага барганда курсактагы баласы түшүп кеткен. Бул туурасында ӨКМнын маалыматында айтылат.
Такталган маалымат боюнча, Амир-Тимур кичи районунда жашаган 2002-жылы туулган келин дааратканага барганда курсактагы 7 айлык баласы төрөлүп, ажаткананын ичине түшүп кеткен.
Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, наристенин жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/13863