Президентке үйүнүн абалын көрсөтүп, кайрылуу жасаган кыздын үй-бүлөсүнө жаңы там салынды
1514
Буга чейин үйүнүн абалын видеого тартып, президентке кайрылган кыздын үй-бүлөсүнө жаңы үйдүн ачкычы менен документи берилди. Бул туурасында Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Садыр Жапаровдун атынан салынган үйдүн документтерин район акими Жумадилла Жапаров 15-августта тапшырды.
Белгилесек, Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы тургуну Гүлзат Искакованын 7 баласы бар. 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин анын кызы интернет аркылуу президентке кайрылуу жасаган. Анын кайрылуусу өлкө башчыга жетип жетип, үй-бүлөгө жаңы үй салына баштаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/13970