Депутаттар, экс-мэрлер, алардын фирмалары. Көмүрдү 3-5 эсе арзан экспорттогондор аныкталды
УКМК чиновниктер тарабынан ишкерлерге ар кандай түрдөгү көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.
УКМК тарабынан 336-берене ("Коррупция") менен козголгон кылмыш иши козголгон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдарынын аракеттеринде ишкерлерге жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен түрдүү сорттогу (БК, БР, БСШ и БШ) көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталган. Анын кесепетинен өзгөчө ири өлчөмдөгү салык жана бажы төлөмдөрү өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө системалуу түрдө түшпөй турган.
11-сентябрда сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоого тиешеси бар адамдарды жана активдүү ишкердиктин субъекттеринде тинтүү жүргүзүлгөн:- "Ак-Булак Көмүр" ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1963-жылы туулган Х.А.Д.;
- "Кен-Ордо" ЖЧКсы - 1974-жылы туулган Н.А.Б.;
- "Нур" ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1960-жылы туулган А.Р.Э.;
- "Рио Групп" ЖЧКсы - 1964-жылы туулган А.И.Р.;
- "Нуркен" ЖЧКсы – 1979-жылы туулган Ш.З.А.;
- "Ахмад-Кен" ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, 1971-жылы туулган А.Б.А.;
- "Ормон" ЖЧКсы – 1982-жылы туулган К.А.Т.;
- "Кен-Сити" ЖЧКсы – 1989-жылы туулган А.А.Х.;
- "Сары Челек Сүлүктү" ЖЧКсы – 1975-жылы туулган К.М.;
Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынан ишкердик субъекттеринин чарбалык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечимдери жана башка тиешелүү документтер алынган.
Жүргүзүлгөн иш-чараларынын жыйынтыгында журналдар, келишимдер, дүмүрчөктөр, камерадагы дисктери алынынып, алар учурда кошумча изилденип, талдоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле "Кызыл-Кыя – автожол", "Кызыл-Кыя – темир жол" көзөмөл-өткөрүү постторунда, бажы терминалында, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош филиалдарында, 3 алмашуу бюросунда, "спорттук общактын" мүчөлөрүнүн жашаган жеринде жана 6 коммерциялык уюмда кармоо жана тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Такталгандай, экспорттук декларацияны даярдоо үчүн ишкерлер мобилдик тиркеме аркылуу ортомчуларга 300 доллар которуп, андан кийин "ппорттук общактын" мүчөлөрүнө 1 миңден 2 миң сомго чейин берип Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз чыгып жүрүшкөн.
Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон, ага байланыштуу, активдүү экспорттоонун негизинде өлкөдө көмүрдүн баасы жогорулаган.
- Баткен бажысынын "Кызыл-Кыя-Авто жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, 1977-жылы туулган К.И.К.;
- Баткен бажысынын "Кызыл-Кыя" темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, 1990-жылы туулган С.у.К.;
- Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы, 1981-жылы туулган Б.Э.Ю.;
- "Имамидинов Экспорт" ЖЧКсынын жетекчиси, 1975-жылы туулган Т.К.И.;
- "А.Б.Б." жеке ишкердин негиздөөчүсү, 1986- жылы туулган А.Б.Б.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.