15-октябрдан баштап Бишкек-Ош жолунда кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга чектөө кирет
Эртең, 15-октябрдан тарта Бишкек-Ош жолунда жүргүнчүлөрдү микроавтобустар (16 орунга чейинкилер) менен ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
2023-жылдын 15-октябрынан 2024-жылдын 1-майына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда жүргүнчүлөрдү сыйымдуулугу аз (16 орунга чейин) транспорттор менен ташууга чектөө кирет.
Жайыл районундагы Сосоновка жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык постторунда жүргүнчүлөрдү, анын ичинде сыйымдуулугу аз (16 орунга чейин) автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташууну токтотуу иштери күчөтүлөт. Ошондой эле дөңгөлөктөрү кышкысына алмаштырылбаган микроавтобустар да токтотулат.
Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну суранат.