Баласын таштаганга шек саналып 20 жаштагы келин кармалды
4771
Бишкектин Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан ымыркайын таштаган деген шек менен 20 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу редакцияга Ленин РИИБден билдиришти.
"Ымыркайдын апасы изделип, бүгүн, 20-ноябрда аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Кошумча маалымат берилет", - дешти башкармалыктан.
Белгилесек, 19-ноябрда Арча-Бешик конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү үйдүн дарбазасынын жанынан желим баштыкка оролуп, коробкага салынган абалда ымыркай табылган айтылган. Бул факты боюнча милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/14978