Карындаштарынын жыныс мүчөсүн сүрөткө тартып, аккаунтуна сактаган жигит кармалды
Кыргызстандын аймагында жасалган балдар порнографиясы боюнча факты аныкталды. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Аталган факты боюнча 161-берене менен ("Порнографиялык мүнөздөгү каражаттарды таратуу") кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кара-Балта шаарында 2023-жылдын 3-майында Э.А. аттуу жаран 2013-жылы туулган жана 2014-жылы туулган карындаштары уктап жатканда, ич кийимин ылдый түшүрүп, жыныстык мүчөлөрүн уюлдук телефонуна тартып, соцтармактагы аккаунтуна сактай баштаган.
Мындан тышкары Э.А`нын аккаунтунда сексуалдык зомбулукка кабылган жаш балдардын ар кандай видеоматериалдары да сакталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени такталып, ага карата 158-беренеде ("Ыплас иш-аракеттер") каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сырттан айып тагылып, Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Э.А. Россиядан кармалып, өлкөгө экстрадицияланды. 22-мартта Э.А. сотко өткөрүлүп, 1 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда тергөө уланууда.