"Рух Ордо" комуз үлгүсүндөгү пирстин алдынан агып жаткан күрөң суу боюнча үн катты
RU

"Рух Ордо" комуз үлгүсүндөгү пирстин алдынан агып жаткан күрөң суу боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Рух Ордо" этникалык комплексинин өкүлдөрү Kaktus.media сайтынын редакциясына жаңы пристандын астынан кандай күрөң суу агып жатканын айтып беришти.

"Окуя болгон жерге дыкат экспертиза жүргүзүү үчүн адистер жана санитардык инспекторлор жөнөтүлгөн. Текшерүү учурунда көлгө агып жаткан суу акыркы убакта жааган жамгырдан улам гана өңү өзгөрүп кеткендиги аныкталган. Бул таасир жер кыртышынын шарттарына жана жаан-чачынга байланыштуу жана булганууга же даттын болушуна эч кандай тиешеси жок.

Жамгыр басылгандан кийин суу кадимки түсүнө ээ болду. Учурда көлдүн экологиялык абалына жана зыяратчылардын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок", - деп билдирди "Рух Ордо".

Буга чейин окурман редакцияга комуз түрүндөнү жаңы пирстин астынан агып жаткан күрөң сууну тартылган видеону жөнөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16388