Таласта 19 жаштагы жигит уксус ичип каза болду
328
Таласта 19 жаштагы жигит уксус ичип, ооруканада каза болду. Маалыматты редакцияга Талас облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Белгиленгендей, 18-июлда таңкы саат 04:40 чамасында аймактык ооруканага 19 жаштагы бала түшкөн. Бейтап уксус ичип, ички органдарына кан куюлган аныкталган.
Дарыгерлер жигиттин өмүрүн сактап кала алышкан эмес, ал ооруканада каза болгон. Жигиттин ата-энеси экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан. Бул факты боюнча Талас райондук ички иштер бөлүмү иликтөө иштерин баштады.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/16748