Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигиттин камактагы мөөнөтү узарды
RU

Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигиттин камактагы мөөнөтү узарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын колун сураган Афтандил Сабырбековдун камактагы мөөнөтү 2 айга узарды. Маалыматты редакцияга Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук соту 30-июлда ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Афтандил Сабырбеков менен анын бир тууганы Тариэл Сабырбековдун камактагы мөөнөтүн узартты. Соттун токтомуна ылайык, алар 3-октябрга чейин камакта болот.

Эске салсак, Афтандил Сабырбеков 5-июль күнү милиция кызматкерлери тарабынан баңгизатын жасап, тараткан деген шек менен кармалган. Биринчи Май райондук сотунун 6-июлдагы чечими менен Сабырбеков 3-августка чейин СИЗОго киргизилген.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лазат Нуркожреванын жигити ырасында эле укук коргоо органдары тарабынан кармалганын ЖМКга тастыктап, "жигиттин башкы максаты - өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды ("крыша") табуу болгон", деп билдирген.

Андан кийин Афтандил Сабырбековдун бир тууганы Тариэль да кармалып, 3-августка чейин камакка алынганы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16844