Бишкекте чет элдик жаранды бычак менен коркутуп, телефонун тартып алгандар кармалды
RU

Бишкекте чет элдик жаранды бычак менен коркутуп, телефонун тартып алгандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте чет элдик жаранды бычак менен коркутуп, iPhone 13 телефонун тартып алган шектүүлөр кармалды.

26-августта Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө чет элдик жаран кайрылган. Анда ал Матросов көчөсүндө эки белгисиз адам бычак менен коркутуп, күч колдонуп, 70 миң сомдук iPhone 13 үлгүсүндөгү телефонун алып кетишкенин айткан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган А.Э. жана 2000-жылы туулган А.Н. кармалды. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17246