Чүйдө окуучу каза болуп, шектүү катары 16 жаштагы бала кармалды
RU

Чүйдө окуучу каза болуп, шектүү катары 16 жаштагы бала кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта окуучу таяк жеп каза тапты. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Белгилүү болгондой, 5-сентябрда укук коргоо органдарына Сокулук районунун Комсомол айылындагы мектептин окуучусу 2009-жылы туулган Э.А. каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, иликтөө иштери башталган. Маркумдун классташы милицияга жеткирилген. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 2008-жылы туулган 9-класстын окуучусу Б.С. мектептеги башка окуучуларды чогултуп, алардын көзүнчө Э.Аны ичине урган. Андан кийин жабырлануучу каза болгон.

Окуя боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк кылмыш иши 130-беренеге "Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" квалификацияланып, окуучу соттун чечими менен эки айга СИЗОго камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17262