Министрлик: Жети-Өгүздө зордукталган 9 жаштагы кыз медициналык кароодон өтүп жатат
RU

Министрлик: Жети-Өгүздө зордукталган 9 жаштагы кыз медициналык кароодон өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 9 жаштагы кыз сабалып, зордукталганы маалым болгон. Бүгүнкү күндө жабырлануучу Бишкектен медицналык кароодон өтүп жатканын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, министрлик бул окуяны көзөмөлгө алды.

"Аймактык башкармалыктын кызматкерлери кызды жана үй-бүлөнү экспертизадан жана тергөөнүн башка этаптарынан өтүүдө коштоп жүрүшөт. Жабырлануучуларга психологиялык, медициналык, юридикалык жардам көрсөтүлдү", - дешет ведомстводон.

Ошондой жардамдын бардык түрлөрүн камтыган жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча персоналдык план түзүлүп, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна сунушталды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17379