"Манас" аэропорту ПЦР тестин тапшыра турган жүргүнчүлөрдөн 4-5 саат мурда келүүнү суранат
1917
"Манас" аэропортунан ПЦР-тест тапшыруучу жүргүнчүлөр учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы маалымдады.
Эске салсак, Кыргызстандын негизги аба дарбазасында 2021 жылдын 31-майынан тартып
COVID-19ду тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР лабораториясы ишке кирген.
ПЦР-тестти "Манас" аэропортунун 2 кабатынан күндүзгү саат 8:00ден 18:00ге чейин тапшырууга мүмкүн.
ПЦР-тестти чет өлкөгө чыгаардан мурун "Манас аэропортунан эле тапшырсаңыз болот (Россия Федерациясынан башка өлкөлөргө. Азырынча компания "Путешествую без COVID-19" тиркемесинин катышуучусу боло элек).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/1949