Жашы жете элек өспүрүм кызды ала качып, эки күндөн кийин жолдун боюна таштап кетишкен
Жалал-Абад облуунун Кара-Көл шаарында 17 жаштагы кызды ала качып кетишен. Ал эки күндөн кийин жолдун боюнан табылган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Жалал-Абад облусунун ШИИБси билдирди.
Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 3-июнунда, саат 02:30 чамасында Кара-Көл шаарынын 41 жаштагы тургуну А.А. кайрылып, 1-июньда 2004-жылы туулган кызы М.А. үйдөн чыгып кеткен бойдон жок экендигин айтып, таап берүүнү суранган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын 2-июнунда дайынсыз болуп жаткан М.А. өзүнүн инстаграм баракчасына: "Бирөө жарым мага жардам бергилечи, мени ала качышты. Телефонумду тартып алышты, эч кимге чала албай жатам. Апама айтып койгулачы. Сураныч. Мен азыр кайда экенимди билбейм. Келин болосуң деп айтып жатышат", - деп инстаграм баракчасынын статусуна жарыялагандыгын билгилүү болгон.
Аталган окуя боюнча Кара-Көл ШИИБнин КЖБРне иш катталып Кыргыз Республикасынын ЖКнин 175-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
2021-жылдын 3-июнунда кечки саат 21:30 чамасында дайынсыз жоголгон жашы жетелек М.А. Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндөгү түндүк тарабынан жолдун четинде олтурган жеринен табылган. Жабырлануучуга карата атайын соттук-медициналык эспертиза дайындалып, азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында текшерүү иштери уланууда.