"Ысык-Көл" аэропорту 8 жылдан бери алгачкы ирет Жалал-Абаддан каттамды тосуп алды
2421
"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 2021-жылдын 1-июлунда 8 жылдан бери алгачкы ирет Жалал-Абаддан каттамды тосуп алды. Бул тууралуу редакцияга келип түшкон релизде жазылган.
"Тез Джет" авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Жалал-Абад - Тамчы багытында 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 баланы алып келди. Ал эми Тамчы-Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчү учуп кетишти.
Жүргүнчүлөр бул каттамдын ыңгайлуу жана жайлуу экендигин белгилешти.
Авиакомпания каттамды жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/2336