Эрмамат Тагаев мөңгүлөрдү көмүр жана туз менен эритүүнү талап кылууда
Депутат Эрмамат Тагаевдин мөңгүлөрдү көмүр чаңы же туз менен эритүү идеясынан баш тартайын деген ою жок.
Жогорку Кеңештин 29-июлдагы жыйынында ал бул ыкманы сунуш кылганын, бирок аны фейктер сындаганын айттып чыкты.
"Мен аны өзүм ойлоп тапкан жерим жок. Бул ыкма бүткүл дүйнө жүзүндө колдонулат. Бул жөнүндө уктуңуз беле?" - деп сурады ал Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарынан.
Калыс Ахматов мен уккан эмесмин деп жооп берди.
"Союз учурунда бул нерсе колдонулуп келген, мисалы, Өзбекстанда . Көмүрдүн чаңы жана тузу себилген", - деп түшүндүрдү депутат.
Министрлер кабинетинин өкүлү Алмазбек Абытов Тагаевдин сунушун изилдөө боюнча тапшырма тиешелүү органдарга берилген деп жооп берди.
"Кеч болуп калды. Ушундай маселелерди тезинен чечишибиз керек. Министрлер кабинети элди ойлойбу же жокпу? деп Депутат кыжынды.
Ахматов Тагаевдин методу өтө чыгашалуу экендигин белгиледи.