Бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы кыз Жалал-Абаддан табылды
2512
Бишкекте август айынан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы кыз аман-эсен табылды. Ал 18-августтан бери дайынсыз болуп жатканын Свердлов РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Милицияга 18-августта шаар тургуну кайрылып, Н.Э. аттуу небереси 18-августта чак түштө үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.
Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.
19-сентябрда изделип жаткан кыз Жалал-Абад облусунан табылды. Инспекторлор өспүрүм жана анын ата-энеси менен түшүндүрүү-профилактикалык баарлашуу иштерин жүргүзүштү. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/8532