Жалал-Абадда шахтадан 24 жаштагы жигиттин жансыз денеси чыгарылды
1951
Жалал-Абадда шахтанын ичинде газ чыгып, бир жумушчу каза тапты. Окуя түнкү саат 02:29 чамасында катталганын ӨМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Чаткал районунда кен өндүрүүчү ишкананын инженери куткаруучуларга кайрылып, шахтанын ичинде газ чыккандыгы кабарланган.
Жерине 9 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы М. уулу Т. аттуу жарандын жансыз денеси табылган, куткаруучулар сөөктү алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/8816