Bishkek Park`тагы өрт өчүрүлүп, штаттык режимде иштеп жатат
1710
Борбор калаадагы Bishkek Park соода борборунда бүгүн, 1-декабрда өрт чыкты. Аталган борбордун администрациясынан белгилешкендей, өрт экинчи кабаттагы чакан аянттан чыккан.
"Соода борбордогулар эвакуацияланып, саат 15:20да өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар жок", - дешет аталган борбордун администрациясынан.
Учурда Bishkek Park соода борбору штаттык режимде иштеп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/9472