Массалык кармоо. Камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралды
Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда массалык баш аламандык уюштурууга айыпталган камактагы активисттердин, саясатчылардын жана журналисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралды.
Сот Клара Сооронкулованын, Перизат Суранованын, Гүлнара Журабаеванын, Али Шабдандын, Илгиз Шаменовдун, Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Кубанычбек Кадыровдун, Жеңиш Молдокматовдун, Улукбек Маматаевдин, Асия Сасыкбаеванын бөгөт чараларын өзгөртүүсүз калтырды.
Ал эми Айбек Бузурманкуловдун жактоочусу келбегенине байланыштуу анын бөгөт чарасын кароо 29-декабрга жылдырылды. Орозайым Нарматова сот залында эс-учун жоготуп жыгылганына байланыштуу арызды кароо 28-декабрга калтырылды.
Кечээ, Бектур Асановдун, Равшан Жээнбековдун, Марат Баязовдун, Атай Бейшенбектин, Чыңгыз Капаровдун, Мамбетжунус Абыловдун, Эрлан Бекчороевдин жана Рита Карасартованын баш коргоо чараларын өзгөртүү боюнча арыз каралып, мурдагы чечим күчүндө калтырылды.
Соттон кийин активист Чыңгыз Капаровдун абалы начарлап, ал кулап түшкөнүн жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди. Капаров ачкачылык кармоону улантып келет.