Таласта турак үйдө жылытуу батареясы жарылып, бир аял каза болду. Баласы күйүк алды
2021
Талас облусунда жылытуу системасы жарылып, анын кесепетинен аял каза болду. Маалыматтв Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Kaktus.media сайтына тастыкташты.
Тема боюнча:
Каргашалуу окуя 17-январда Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында болгон. Турак үйлөрдүн биринде буу менен жылытуу системасы жарылган. Анын кесепетинен 1989-жылы туулган аял жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бирок бейтап алган жаракатынан улам каза болду.
Анын 2020-жылы туулган баласы ысык суудан күйүк алды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/9964