УКМКнын кызматкерине 15 миң доллар пара сунуштаган жаран кармалды
RU

УКМКнын кызматкерине 15 миң доллар пара сунуштаган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы кармалды. Ал пара берүүгө аракет кылган деп шектелгенин УКМКдан кабарлашты.

Мамкомитеттин билдирүүсүнө ылайык, кармалган адам жетекчи болуп турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизген жана социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, комуналдык-кампа зоналарын, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ж.б.) куруу үчүн арналган жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

"Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине 15 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган", - дешет комитеттен.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17401